Кубакы ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилетКыргызстан менен Грузиянын парламент төрагалары Бишкекте алгачкы жолу жолугуштуӨкмөт айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну алып салдыБишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөтСузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салындыКыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте шоу-концерт өттү
“Акылман” президенттик лицейине 22 мугалим тандалды. Алар кимдер?
24.08.2023 | 23:42
“Акылман” президенттик лицейине педагогикалык жогорку билими бар, тажрыйбалуу, STEM предметтери боюнча англис тилин билген 22 мугалим тандалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, алардын төртөө чет өлкөлүк мугалимдер. Педагогикалык курам республика боюнча конкурстук негизде тандалды.
Президенттик лицей Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандыруу, алардын илимий жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, Кыргызстандын өзгөчө зээндүү балдарын колдоо жана дем берүү максатында уюштурулду.
“Акылман” президенттик лицейинин педагогикалык курамы бул шитемеде.
Ысык-Көлдө “Акылман” президенттик лицейи түзүлдү. Жарлык чыкты
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим