“Борбор Азия-Россия саммити”: Эмнелер талкууланды? Эксперттик анализШайлоо алдында мыйзамсыз акча чогулткандар жоопкерчиликке тартылат – БШККыргызстанда жайыт жерлерди пайдалануу ченемине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүнОкуу жайлардагы зомбулуктун алдын алууга багытталган улуттук изилдөө жүргүзүлүүдөЕгипетте Газадагы согушту токтотуу боюнча эл аралык саммит өтүүдөБишкекте Ауэзов көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат
Чычкан капчыгайындагы жол кырсыктан 5 адам каза болду
25.08.2023 | 20:32
Бишкек — Ош жолундагы кырсыкта беш киши мерт болду, алар айдоочу жана бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
23-августта чак түштө Toyota Kluger жолтандабасы менен кагышкан Honda Fit Чычкан суусуна кулаганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдирди.
Turmush агенттиги жеңил автоунаада бараткан 32 жаштагы аял 4, 7 жана 15 жаштагы кыздары менен каза болгонун жазды. Булардан сырткары анын 13 жаштагы уулу жаракат алып, ооруканага жеткирилген.
Агенттик аял Россиядан кичи мекенине келе жаткан, ал эми үй-бүлөнүн башчысы ал жакта калганын белгиледи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар