40 райондук маданият үйүнө заманбап музыкалык жабдуулар алынат

40 райондук маданият үйүнө заманбап музыкалык жабдуулар алынат

Президенттин тапшырмасына ылайык бюджеттен бөлүнгөн каражатка 40 райондук маданият үйлөрүнө заман талабына ылайык музыкалык жабдуулар алынат.  Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министрлик тарабынан мекемелердин жетекчилерине бөлүнгөн каражаттардын максаттуу, натыйжалуу, өз убагында колдонуу жана аларды колдонууда Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарын сактоону камсыз кылуу тапшырмасы коюлууда.

«Мындай кадам, аймактагы маданият үйлөрүнүн ишин жакшыртууга, жандуу үн менен ырдоого жана жогорку деңгээлдеги сапаттуу иш- чараларды өткөрүүгө өбөлгө түзөт. Буга чейин, мамлекеттин эсебинен бардык райондук маданият үйлөрүнө бирдей, сапаттуу музыкалык жабдууларды алууга акча каражаты бөлүнгөн эмес», — жеп айтылат маалыматта.

Буга чейин министрлик маданият, искусство жана спорт тармагына бөлүнгөн 673 млн 515 миң сом кайсы багыттарга жумшаларын айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>