Бишкекте жеке үйлөр орточо 17,45 млн сом турат — Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттикКыргызстанда алгачкы жолу 20 жана 50 сомдук банкноттор өлкө ичинде басылып чыктыБишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирдиБишкектеги эң кызыктуу 5 кичи-мейманкана: кино көрсөтүүлөр, экскурсиялар, унаа ижарасы«Манас Ордо» комплексинде жаңы курулган жана оңдолгон объектилер пайдаланууга берилди
Тогуз-Торо районунан 60 жаран эвакуацияланды
25.08.2023 | 20:07
Тогуз-Торо районунун аймагында катталган кырсыктан улам 60 жаран эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
25-августта Балыкчы — Жалал-Абад альтернативдик авто унаа жолунун 255-чакырымында болжолдуу 5000 куб (Казарман-Жумгал автоунаа жолунун 45-чакырымы) таш кулап, жолду тосуп калгандыктан жарандар жолдо калып калган деген маалымат саат 03:15 чамасында Тогуз-Торо району боюнча өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө келип түшкөн.
Аталган аймакта кырдаалды жөнгө салуу үчүн ӨКМден 3 куткаруучу, ИИМден 2 кызматкер, Макмал алтын комбинатынан айдоочу тартылып, кырсык катталган аймакта 60 жаран эвакувацияланды.
Жеринде ЖТК-18 мекемесинен 3 техника жол тазалоо боюнча иш алып барууда. Жабыр тарткандар жок.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом