Бишкекте жаңы автобустар жарандарды 2 күн акысыз ташыйт
Бишкекке Кытайдан жаңы алынып келген Jong Tong фирмасынын автобустары бүгүн, 31-августта каттамга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган автобустар үчүн үч жаңы каттам түзүлгөн: No15, 51, 52. 31-август – Эгемендик күнү жана 1-сентябрь – Билим күнүндө аталган үч каттам боюнча автобустар жарандарды акысыз ташыйт.
Ошондой, эле №100, 105, 152, 195 жана 32 каттамдардагы кичи автобустар кытайлык автобустарга алмаштырылган.
Бүгүн Эгемендик күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөндүгүнө байланыштуу шаардагы коомдук унаалар түнкү саат 01:00го чейин иштейт.
[image_carousel source=”media: 196796,196797,196798,196799,196800,196801,196802,196803″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз