Минкаб башчысы: Жасалма интеллект адамды алмаштыра албайтКыргызстанда Россия киносунун фестивалын “Август” тасмасы ачатТрамп АКШ баңги картелдерине каршы кургактагы операциясын баштай тургандыгын билдирдиСадыр Жапаров: Кыргызстан криптовалюталарды кабыл алуу боюнча Борбор Азияда ишенимдүү түрдө алдыда бара жататКоммерциялык эмес уюмдар грант жана кайрымдуулук каражаты боюнча ачык отчет берүүгө милдеттендирилдиКыргызстан парламенттик шайлоого Германиядан байкоочуларды катышууга чакырды
Милиция: Баткенде баңгизат жарнамалагандар кармалды
18.09.2023 | 17:33
Баткен шаарында баңгизат жарнамалаган жарыяларды жазган жарандар кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-сентябрга караган түнү Баткендин көчөлөрүндө бангизаттарды жана психотроптук заттарды сатып алууга үгүттөгөн жарыялар пайда болгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында милиция 18-сентябрда шектүү катары Ош шаарынын үч тургунун кармаган.
“Алар 25 жаштагы Х.М., 26 жаштагы Н.С., 25 жаштагы Н.М. аттуу жарандар экендиги аныкталып, алардын экөөсү мурда сот жообуна тартылгандыгы белгилүү болду. Бул жарандар синтетикалык баңгизатын соцтармактар аркылуу жарыялап, сатып, кардар табуу аракетинде көчөлөргө жазууларды жазышкан”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз