Ошто жарандарды 20 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ошто жарандарды 20 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Ош шаарында алдамчылык кылып, издөөдө жүргөн аял кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 14-сентябрда шектүү катары Ошто убактылуу жашап жүргөн 34 жаштагы Т.Ж. аттуу аял кармалган. Учурда анын үстүнөн милицияга 9 адамдан арыз түшкөн. Ошол эле учурда арыз жазгандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө. Алданып калган жарандарга келтирилген чыгым 20 млн сомдон ашат.

Милициядан билдиришкендей, ал акчасы бар жарандарга жолугуп,«менин жеке басмаканам бар. Бир аз инвестиция жасай турган болсоң, ири кирешеге ээ болосуӊ» деп алдап, 400 миӊ сомдон 6 млн 500 миң сомго чейин акча алып, кийин Өзбекстанга качып кеткен.

«Шектүү катары кармалган аял бир эле жарандан бир нече жолу ири суммадагы акчаларды алган. Мисалы, Ош шаарынын 40 жаштагы тургунунан (аял киши) быйыл апрель айынын ичинде 500 миң сом, 250 миӊ сом, 750 миӊ сом, 800 миӊ сом жана 200 миӊ сом акчасын алып, изин жашырган», — деп билдирет милиция.

16-сентябрда анын бөгөт чарасы каралып, 1 айга камакка алынган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0777 07 31 17 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>