Садыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштадыДепутат Искра айылындагы бала бакчаны оңдоого каражат бөлүүнү сурандыКыргызстандын каржы сектору бир жыл ичинде капиталын эки эсеге көбөйтүп, кардарлар базасын 25 млн адамга жеткирдиЖайыл районунун базарларында быйылкы сезондун алгачкы кулпунайы сатыкка чыкты
Дүйнө чемпионаты: Махмудов финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо алды (видео)
21.09.2023 | 21:30
Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.
Махмудов килем үстүнө бүгүн, 21-сентябрда чыгып, таймашты 1/16 финалдан баштаган. Ал катары менен норвегиялык, египеттик жана өзбекстандык балбандарды жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Махмудов япониялык Нао Кусаканы 7:5 эсебинде жеңип алды.
Акжол Махмудов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо ала алды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз