Кулак-мурду кесилген келинге Түркиядан бир нече операция жасалат

Кулак-мурду кесилген келинге Түркиядан бир нече операция жасалат

Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулагы менен мурдун кесип салган аялга Түркияда дагы бир нече операция жасалат. Бул тууралуу жабырлануучунун эжеси Диана социалдык тармактарда билдирди.

Анын айтымында, учурда жабырлануучунун абалы оор.

«Бүгүн эртең менен «балдарым» деп айтты. Аселдин бети бүтүндөй таңылган, бир гана мурду менен оозу ачык. Жакында Түркияда дагы бир нече операция жасалат. Ушундай кылдат эмгеги үчүн бардык дарыгерлерге рахмат, кечээ дарыгерлер анын кулагы менен мурдун бөлүк-бөлүктөн тигип беришти. Эжемдин бети кесилген. «Жакында Аселге жардам берүү үчүн эсеп ачабыз» деп жазган бир тууганы.

Ал белгилегендей, Аселдин атасы жок. Анын апасы жана агасы гана бар.

Эскерте кетсек, 20-сентябрда ооруканага бычактан алган жаракаты менен 36 жаштагы аял түшкөн. Бул иш Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) боюнча катталган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, натыйжада 39 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Бүгүн бейтап реанимациядан жаак-бет хирургия бөлүмүнө которулган.

Кулак-мурду кесилген келиндин күйөөсүн сот пробацияга бошоткон

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>