Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдөДанияр Мамыров: Ислам каржылоосу кандай иштейт жана эмнеге башка банктарга караганда кымбатыраакАстанадагы климаттык суу бөлүштүргүчУКМК «Евразия» соода борборуна эки ирет бомба коюлганы тууралуу жалган маалымат берген шектүүнү кармады
Токтогулда өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалды
22.09.2023 | 23:18
Токтогул районунда 15 жаштагы кызды зордуктоого шектелген 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя тууралуу милицияга 21-сентябрга караган түнү саат 02:00 чамасында билдирүү түшкөн.
Аталган факт Токтогул РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Токтогул РИИБдин кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары 1987-жылы туулган Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
“Шектүү 10 жылдан бери жабырлануучу кыз жашаган үйдүн үй жумуштарына жардам берип жашап жүргөн”, – деп кошумчалашты облустук милициядан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом