Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону болду (видео)

Кыргызстандык грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов (77 кг) Сербияда өтүп жаткан дүйнө биринчилигинде жеңишке жетип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.

Махмудов 21-сентябрда таймашка чыгып, финалга өткөн. Финалга чыгуу үчүн норвегиялык, египеттик, өзбекстандык жана япониялык атаандаштарын уткан. Акжол Махмудов финалга чыгуу менен 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына жолдомо алган.

Бүгүн, 22-сентябрда Махмудов алтын үчүн беттеште азербайжандык Санан Сулейманов менен күч сынашты. Беттеш 1:1 эсебинде аяктап, артыкчылык упай Махмудовдо болгондуктан, ал жеңишке жетти.

Бул жеңиши менен Акжол Махмудов экинчи ирет дүйнө чемпиону атанды. Буга чейин ал былтыр ушул эле Сербияда өткөн дүйнө биринчилигинде алгач ирет дүйнө чемпиону болгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>