Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Кыргызстандын туусундагы нурларды түз кылып өзгөртүү сунушталууда
28.09.2023 | 15:04
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов Кыргызстандын мамлекеттик туусун өзгөртүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Мыйзам долбоорунда айтылгандай, Кыргызстандын туусундагы түндүк менен толкун сымал күндүн нурларынын айкалышын күн караманын гүлүнө же бөз үйдүн сырткы көрүнүшүнө салыштырган чечмелөөлөр болгондуктан, күндүн нурларын түз кылып өзгөртүү сунушталууда.
Кыргызсандын туусу 1992-жылы 3-мартта кабыл алынган. Эдиль Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев, Маматбек Сыдыков мамлекеттик туунун авторлору болуп саналат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом