Даниэл Ажиев 29-ноябрга чейин камакта калтырылды

Даниэл Ажиев 29-ноябрга чейин камакта калтырылды

«Вебкам» студияларынын тармагын уюштурган Даниэл Ажиевдин бөгөт чарасы дагы эки айга узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Ажиевдин бөгөт чарасын узартуу маселеси 27-сентябрда райондук сотто каралып, сот аны 29-ноябрга чейин камакта калтырган. Ал УКМКнын тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, УКМК Даниэл Ажиевдин кармалганы тууралуу 5-июнда кабарлаган. Коопсуздук комитетинин маалыматы боюнча, Даниэл Ажиев «вебкам» деп аталган студиялардын ири тармагынын ишин координациялаган трансулуттук туруктуу кылмыштуу топту жетектеп келген.

Белгилүү болгондой, Ажиев кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда өлкөдөн чыгып кетип, Өзбекстан аркылуу БАЭге качып кетүүгө аракет кылганда кармалган. 4-июнда ал УКМКга өткөрүлүп берилген.

УКМК Даниэль Ажиевди кармады (видео)

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>