Президентке кошумча укук берилет. Парламент мыйзамды кабыл алды

Президентке кошумча укук берилет. Парламент мыйзамды кабыл алды

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңеш президенттин ыйгарым укугун кеңейтип, Конституциялык соттун чечимин жокко чыгарууга жол ачкан мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Бул мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленген.

Мыйзам долбоорунда «Конституциялык сот жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Ага ылайык, президент же Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен Конституциялык соттун чечими кайра каралып, жокко чыгырылышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда Конституциялык соттун чечимин өзгөртүүгө сунуш киргизүүгө негиз боло турган үч учур көрсөтүлгөн:

1) чечим кабыл алууга негиз болгон Кыргызстандын Конституциясынын ченеми өзгөрсө;

2) чечим чыгаруу учурунда Конституциялык сотко белгисиз болгон, кайрылуу предмети үчүн жаңы олуттуу жагдайлар ачылса;

3) чечим Кыргызстандын элинин моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келсе.

Аталган учурда Конституциялык сот чечимди кайра кароо жөнүндө токтом чыгарып, мурдагы чечим жокко чыгарылат.

Эми бул мыйзам президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Эскерте кетсек, буга чейин Конституциялык сот ар бир жаран 18 жашка толгондон кийин өз фамилиясына, кааласа, энесинин атын жаздырууга укуктуу деген чечим чыгарган. Аталган маселе коомчулукта резонанс жаратып, талкууга алынган. Соттун чечими боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да билдирүү жасап, «эч кандай матчество болбошу керек. Ким (чечим — ред.) кабыл алган болсо, өзү кайра жокко чыгарышы керек! Бул менин жарандык позициям» деген.

Кыргызстандын Баш мыйзамы боюнча Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт. Мындан улам бир катар юристтер, эксперттер Конституциялык соттун чечимин өзгөртүүгө сунуш киргизүү боюнча президент менен Конституциялык соттун төрагасына кошумча ыйгарым укук берүү үчүн референдум өткөрүп, Конституцияга алымча-кошумча киргизүү керектиги айтылган. Бирок парламент Баш мыйзамда каралган нормага карабай аталган мыйзамды кабыл алды.

Президентке кошумча укук берген мыйзам долбоор 1-окуудан өттү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>