Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалынын Jiseok сынактык бөлүгүндө баш байге утту. Бул тууралуу аталган тасманын «Фейсбуктагы» баракчасында кабарланды.
4-13-октябрда өткөн кинофестивалдын Jiseok сынактык программасына кыргызстандык тасмадан тышкары, Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппин, жалпы 10 мамлекеттен фильмдер тандалып алынган. Алардын арасынан кыргызстандык тасмага баш байге ыйгарылган.
Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылы түптөлүп, бүгүнкү күнү Азиядагы ири фестивалдардын бири болуп саналат.
«Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы кинофестивалга катышат
Биздин Телеграм каналга катталыңыз