Жапаров КМШ башчыларын эркин соода жүргүзүү боюнча келишимди колдоого чакырды

Жапаров КМШ башчыларын эркин соода жүргүзүү боюнча келишимди колдоого чакырды

КМШга мүчө өлкөлөрдүн кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров президенттерди экономика жаатындагы стратегиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды түзүү жана ишке ашыруу жөнүндө келишимди ратификациядан өткөрүүгө чакырды.

Анын айтымында, келишимди макулдашуу абдан узакка созулду.

“Ратификациядан кийин КМШнын бардык өлкөлөрүндөгү ишкерлик алдыга жылып, бардык жерде иш алып баруусу жеңилдейт. Бизнес-өнөктөштөргө шериктештиктин бардык өлкөлөрүндө кызмат көрсөтүүгө жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга мүмкүнчүлүк алышат. Мен бул макулдашууну абдан маанилүү деп эсептейм”, — деди президент.

Садыр Жапаров Борбор Азия аймагындагы суу маселесине токтолду.

“Региондогу суу ресурстарынын 40%га жакыны өлкө аймагындагы суулардан түзүлөөрүн эске алуу менен, биз регионду суу менен камсыз кылуу маселесинде жогорку жоопкерчиликти билебиз. Бул контекстте суу ресурстары пайда болгон аймакка климаттын терс таасирлерин, ошондой эле аймактагы өлкөлөрдүн суу инфратүзүмдөрүнүн эскилиги жеткенин эске алуу менен, биз өз убагында чараларды көрүүнү жана ирригация, энергетика, инфратүзүм жаатында суу жана жер ресурстарын натыйжалуу пайдаланууга, арзан жана экологиялык жактан таза электр энергиясы менен камсыз кылууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууга багытталган тиешелүү долбоорлорду ишке ашырууну улантууну жактайбыз”, — деп белгиледи президент.

Президенттер Орус тилинин эл аралык уюмун түзүү боюнча келишимге кол коюшту.

КМШга мүчө өлкөлөрдүн кеңеши жыйынтыкталып, уюмга төрагалык кылуу Россияга өттү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>