«Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы кинофестивалга катышат

«Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы кинофестивалга катышат

Кыргызстандык режиссер Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» тасмасы Түштүк Кореядагы Пусан эл аралык кинофестивалына катышат. Бул тууралуу Кинематография департаментинен билдиришти.

Пусан эл аралык кинофестивалы 1996-жылы түптөлүп, бүгүнкү күнү Азиядагы ири долбоорлордун бири болуп саналат.

Мирлан Абдыкалыковдун тасмасы кинофестивалдын Jiseok сынактык бөлүгүндө көрсөтүлөт. Ага Азиядагы 3 же андан көп көркөм тасма тарткан таанымал режиссерлордун эмгектери тандалып алынат. Ким Жисок сыйлыгы аталган сынактык бөлүктөгү мыкты деп табылган эки тасмага тапшырылат. Бул сыйлык өз өмүрүн азиялык кинону колдоого жана өнүктүрүүгө арнаган маркум Ким Жисоктун урматына түзүлгөн.

Jiseok сынактык бөлүгүнө кыргызстандык тасмадан тышкары, Япония, Кытай, Индонезия, Бангладеш, Түштүк Корея, Таиланд, Шри-Ланка жана Филиппин, жалпы 10 мамлекеттен фильмдер тандалып алынган.

Фестиваль 4-13-октябрда өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>