Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу «Сосновка» постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкендей, Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат.
Жетекчилик өтмөккө чыгаардын алдында дөңгөлөктөрдү алмаштыруу зарылдыгын эскертет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз