Япониядан келген компьютердик томография Нарынга жөнөтүлдү

Япониядан келген компьютердик томография Нарынга жөнөтүлдү

Жогорку Кеңештин депутаты 11-октябрда Япония менен кызматташтык боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Талайбек Масабиров  Бишкек шаарындагы  М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда көчмө компьютердик томографияны  Нарын облусунун Ат-Башы районуна жөнөтүү аземине катышты. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Аталган диагностикалык мобилдик көчмө клиникасы депутат Талайбек Масабировдун жана Япониялык “Сансей” корпорациясынын колдоосу менен жай мезгилинде өлкөгө алынып келинген.

Депутат Талайбек Масабиров пилоттук негизде ишке ашып жаткан долбоор калктын саламаттыгын жакшыртууга өбөлгө жаратарын айтат.

“Саламаттыкты сактоо министрлиги жана эл аралык кыргыз-жапон кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн меморандумдун негизинде, гуманитардык жардам катары көчмө мобилдик компьютердик томография убактылуу колдонууга бир жылдык мөөнөткө берилген. Биздин адистер аталган медициналык жабдыкты колдонууну өздөштүрүп, эми аймактардагы калктын саламаттыгын акысыз текшерүүгө жөнөтүлүп жатат. Нарын облусунундагы бир катар аймактарды кыдырып келген соң, Ош облусунун Алай районуна сапарын улайт.”- деди депутат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>