«Көк-Жардагы» үйлөрдүн сүрдүрүлүшү. Мэрия расмий билдирүү тараттыДастан Бекешев “Көк-Жардагы” үйлөрдү бузууну токтотууну өтүндүМэрия кыйылган бактарды муктаждарга отун катары таркатууда“Алтын Казык” ноутбуктары даяр болуп, аймактардагы мугалимдерге жеткириле баштадыМатраимовдун өкүл баласынын кармалышы. Коркунучтуу байланыштардын учу кайда барат?Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулат
Кыргызстандын Санкт-Петербургдагы башкы консулу дайындалды
16.10.2023 | 19:12
Алтынай Сакеева Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
«Сакеева Алтынай Ишеновна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактарын камтыган консулдук округу менен Россиянын Санкт-Петербург шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалды», – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар