Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары алынды, — УКМК

Көлбаевдин 500 миң долларлык асыл тукум жылкылары алынды, — УКМК

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө УКМК тарабынан «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

УКМК маалымдагандай, козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум Камчы Асанбектин 500 миң АКШ долларынан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.

(“Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң АКШ доллары, “Командор” англис породасы — баасы 100 миң доллар, “Раушан” англис породасы — 100 миң доллар, “Дончак” донской англис породасы — 100 миң доллар, “Кундуз” таза кандуу англис – 50 миң доллар, “Байтал” таза кандуу англис – 50 миң доллар, “Острый” – 15 миң доллар, ошондой эле Р.Акматбаевдин туугандарынын сарайынан К.Асанбек тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ– баасы 5000 АКШ доллары)

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>