Жогорку Кеңеш Палестин элине жардам жөнөтмөкчү

18.10.2023 | 12:23

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында бир топ депутаттар Палестин элине жардам берүүнү сунушташты.

Депутат Жалолидин Нурбаев Тышкы иштер министрлигин атайын эсеп ачууга чакырды.

“Биз эмне кыла алабыз? Коридор ачып, дары-дармек, гуманитардык жардам жеткирип берели? Жогорку Кеңеш өз позициясын билдирсин”, – деди Айбек Осмонов.

Жаныбек Кыдыкбаев Палестинага жардамга депутаттардын  бир күндүк айлыгын которууну сунуштады.

“Биз өзүбүздүн согушка каршы көз-карашыбызды билдиришибиз керек. Мусулманбыз дейбиз дагы унчукпай олтурабыз”, – деди ал.

Төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстан Израил-Палестин жаңжалын тынчтык жолу менен чечүүгө чакырарын белгиледи.

“Согуш болуп, өмүрлөр кыюлууда. Кыргызстан – тынчтыкты сүйгөн өлкө. Адам өмүрү баарынан кымбат. Мындайга кайдыгер болбош керек. Жардам берүүнүн жолдорун караштырабыз”, – деди ал.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү.  Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 16-октябрга карата 2 миң 808 киши каза болуп, 10 миң 800 жаракат алды. Набыт болгондордун 64 пайызы аялдар жана балдар. Израил тарап буга чейин Хамастын кол салуусунан 1 миң 400 киши көз жумганын кабарлаган.

Кечээ Израил аскерлери Газаданы ооруканага чабуул жасап, анда 500 киши каза болду.

Израил-Палестин жаңжалы. Парламентте жабыркагандарга жардам берүү сунушталды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Scroll to Top