Израил-Палестин жаңжалы. Парламентте жабыркагандарга жардам берүү сунушталды

Израил-Палестин жаңжалы. Парламентте жабыркагандарга жардам берүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков Израил-Палестин жаңжалы боюнча пикирин билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Айбек Имангазиевден  Жакынкы Чыгыштагы  кырдаалга карата көз-карашын сурады.

Аткаминер Кыргызстан эки тарапты тең жаңжалды тез арада токтотууга чакырганын айтты.

“Терроризм менен так, даректүү күрөш болушу керек. Азыр Газа баардык жагынан жабылды. Египет дагы чек арасын жаап салды. Бөдө өлүм болот, карылар, балдар, аялдар каза болушат. Биз Палестинага кандай жардам бере алабыз? Согуш токтосун. Жабыр тарткан элге жардам берүү жагын дагы карайлы”, — деди ал.

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү.  Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда. Газанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, 2 миң 808 киши каза болуп, 10 миң 800 жаракат алды. Набыт болгондордун 64 пайызы аялдар жана балдар. Израил тарап буга чейин Хамастын кол салуусунан 1 миң 400 киши көз жумганын кабарлаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>