Мэрия кыйылган бактарды муктаждарга отун катары таркатууда“Алтын Казык” ноутбуктары даяр болуп, аймактардагы мугалимдерге жеткириле баштадыМатраимовдун өкүл баласынын кармалышы. Коркунучтуу байланыштардын учу кайда барат?Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулатБишкек мэри базарларда текшерүү иштерин жүргүздүБишкекте “Кыргызстан ЭКСПО 2025” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
Чүйдө 21 жаштагы жигит 15 жаштагы кызга үйлөнүп алган
20.10.2023 | 12:04
Чүйдүн Ысык-Ата районунда 21 жаштагы жаран менен 15 жаштагы кызга нике кыйган имам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, Ивановка айылында 21 жаштагы Н.Ш. аттуу жаран 15 жаштагы С.Н. аттуу жаш кызга үйлөнүп, алардын никесин 52 жаштагы Р.А. аттуу имам кыйган.
Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренеси (Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөө учурунда 52 жаштагы имам менен 21 жаштагы жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.