Зордуктоого шектелген кримтөбөл 4 айдан бери кармала элек

Зордуктоого шектелген кримтөбөл 4 айдан бери кармала элек

Зордуктоо иши боюнча издөөдө жүргөн «Казак» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Умар Маратов 4 айдан бери кармала элек.

Reporter.kg’ге Ош облустук милициясынан билдиришкендей, Умар Маратовдун үстүнөн арыз түшкөндөн кийин ал изин жашырып качып кетип, ага издөө жарыяланган. Азыркы учурда ал кармала элек.

Эскерте кетсек, буга чейин «Азаттык» каргашалуу окуя 24-июнга караган түнү болгонун, милицияга төрт адамдын үстүнөн арыз түшкөнүн жазган. Кыздын жакындарынын айтымында, окуядан кийин ал катуу жабыркап, өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Жабыркаган кыздын туугандары милиция чара көрбөй жатканына арызданып, көз жуумп жатканын билдиришкен.

24-августта Ош облустук милициясы Reporter.kg’ге билдиргендей, «зордуктоо» фактысы боюнча милицияга Умар Маратов менен дагы эки адамдын үстүнөн арыз түшкөн. Умар Маратов издөөгө алынган. Милиция Маратов кармалгандан кийин анын көрсөтмөсү боюнча калган эки адам кармала турганын билдирген.

«Казак» деген каймана аты бар Умар Маратов уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болуп саналат. Ал зордуктоого шектелген учур биринчи жолу болуп жаткан жок. Маратов 2020-жылы 26-майда шаардык сот тарабынан 16 жашар кызды зордуктаган деп айыпталып 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок кийинчерээк облустук жана Жогорку сот аны актаганы белгилүү.

Кримтөбөл «Казактын» опузалоо боюнча иши жабылып, зордуктоо иши боюнча издөөгө алынды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>