Мэрия кыйылган бактарды муктаждарга отун катары таркатууда“Алтын Казык” ноутбуктары даяр болуп, аймактардагы мугалимдерге жеткириле баштадыМатраимовдун өкүл баласынын кармалышы. Коркунучтуу байланыштардын учу кайда барат?Кадамжайда 200 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулатБишкек мэри базарларда текшерүү иштерин жүргүздүБишкекте “Кыргызстан ЭКСПО 2025” эл аралык көргөзмө-жарманкеси өтөт
Бишкекте көмүр сатылып жаткан жайлардын даректери
27.10.2023 | 09:20
Бишкек мэриясы шаардагы көмүр сатылып жаткан жайлардын даректерин жарыялады. Анда көмүр 4 миң 700 сомдон 6 миң 200 сомго чейин сатылууда.
Ленин районунда:
- Мурманск көчөсү 126 дарегиндеги көмүр базасында “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
- “Кара-Тоо” ЖЧКсы, Мурманск көч. 45/2 (мурдагы. ОсОО Торг-Синтез)”Кара-Жыгач” көмүрүнүн тоннасы 6000 сом;
- “Береке” ЖЧКсы, Мурманск көч. 122, 122а “Кара-Кече” тоннасы 5500-6500 сомдон жогору;
- ” Беш Сары ” ЖЧКсы, Мурманск көч. 1б дарегинде “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 5500 сом;
- Дэн Сяопин пр.306 а дареги боюнча Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин көмүр базасында “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 4700 сом;
- “Болотбеков”жеке ишкер, Дэн Сяопин пр. 308/4. “Кара-Кече” тоннасы 5800 сом;
- “Мурманск көч., 1б” дарегиндеги Алтын корпорациясы “ЖЧКсында “Шабыркүл” көмүрүнүн тоннасы 6000 сомдон сатылууда;
- Алыкулов көч. 6б дарегиндеги “Абиев Нурлан” жеке ишкер. “Кара-Кече” көмүрүнүн тоннасы 4700 сом.
Биринчи май районунда:
– “Ак-Босого” конушу, Профессор Зима 156а, 1 кап көмүр 220 сом, бир тонна көмүр 6000 сом, 30 тонна көмүр камдалды;
– Щербаков көчөсү 121, 1 мүшөк көмүр 200 сом, 200 мүшөк бар;
– Махатма Ганди жана Жапаров көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 210 сом жана 1 тоннасы 6000 сом, ошондой эле тандалган көмүрдүн тоннасы 7000 сом, 60 тонна бар;
– “Алтын-Бешик” жаңы конушу Алтын-Бешик жана Мидин көчөлөрүнүн кесилишинде 1 кап көмүр 250 сом, тоннасы 6000 сом, запаста 70 тонна;
– Дэн Сяопин көчөсү 531, бир кап көмүр 280 сом, кампада 10 тонна.
Октябрь районунда:
- “Глобал Азия Пропертиз” ЖЧКсы “Төкөлдөш” конушун “Аламүдүн” станциясында, Казакстандын Кара-Жыгач көмүрүнүн 1 тоннасынын баасы 6200 сомду түзөт.Свердлов районунда:
- Достоевский көчөсү 1 дарегинде 1 отун базасы бар.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом