Режиссер Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды

Режиссер Актан Арым Кубатка Франциянын сыйлыгы тапшырылды

Кыргызстандын эл артисти, белгилүү кинорежиссер Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Сыйлыкты 26-октябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаус тапшырган. Ал сыйлыкты тапшырып жатып, Актан Арым Кубаттын чыгармачылыгы менен тааныш экенин, анын тасмалары Франциянын кинотеатрларында үзгүлтүксүз көрсөтүлүп тургандыгын белгилеген.

Сыйлык тапшыруу аземине көрүнүктүү кинорежиссерлор, маданият ишмерлери, элчиликтин өкүлдөрү жана башка коноктор катышкан.

Өз кезегинде Актан Арым Кубат чыгармачлыкка берилген баа үчүн Франция элине жана элчи Франсуа Делаус мырзага ыраазычылык билдирген.

Маданият министрлиги белгилегендей, аталган сыйлык 1957-жылы Францияда негизделген. Ал Францияда жана дүйнөдө искусство жана адабиятты өнүктүрүүгө зор салым кошкон адамдарга ыйгарылат. Буга чейин аталган сыйлык дүйнөдө саналуу гана кишилерге берилген.

«Актан Арым Кубаттын «Бешкемпир», «Маймыл», «Свет аке», «Кентавр», «Эсимде» тасмалары Франция менен биргеликте тартылган. Кыргыз кинорежиссеру Канн эл аралык кинофестивалынын расмий программасына катышып, Европа киноакадемиясынын мүчөсү болгон», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, буга чейин Актан Арым Кубат Франциянын Маданият министрлигинин искусство жана адабият орденинин кавалери наамына татынганы тууралуу кабарланган.

Актан Арым Кубат Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери болду 

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>