Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Бишкекке Азербайжандын Милли Межлисинин делегациясы келди
15.11.2023 | 22:20
Бүгүн, 15-ноябрда Кыргызстанга Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясына катышуу үчүн Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова баштаган делегация келди. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлуу конокторду “Манас” эл аралык аэропортунан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев тосуп алды.
Белгилей кетсек, 2023-жылдын 16-17-ноябрь күндөрү Бишкекте Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жыйындары өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар