«2040-жылга чейин: Кыргызстанда табиятты коргоонун негизги планы сунушталды»Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга келетКыргызстан АКШдан келген автоунааларды көбүрөөк алып жатат, бирок аларга азыраак каражат сарптоодоИшкердикке жеңилдик: уруксат документтери эки эсеге кыскартылатМосквада ШКУга мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңеши чогулдуПатенттер үчүн салык системасы жөнөкөйлөштү: эмне өзгөрдү
Жумушта ичимдик ичип отурган ишкананын кызматкерлери иштен алынды
20.11.2023 | 11:52
Эки күндөн бери үйүнө барбаган күйөөсүн издеп келген аял менен анын кызы тарткан видеого түшүп калган “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери иштен алынды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, видеодо үстөлдө ичимдик ичип отурган төрт кызматкер тең жумуштан бошотулду.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта күйөөсүн издеп келип, чатак салган аялдын видеосу таркаган. Анда ал мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жумуш учурунда ичимдик ичип жатканын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом