Бишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады«Кирешелүү тармактарды монополия кылып алышкан» — Орунбеков «Манастын» мурдагы жетекчилиги тууралууКМДБ Умра сапарын уюштуруу боюнча 34 турфирманы аккредитациялады — тизмеКамчыбек Ташиев УКМК Эрлисти Акунбековду эмне себептен кармаганын түшүндүрдүБишкекте Шакиранын концертине карата Bishkek Arena стадионунда сахна курула баштады — видео
Жумушта ичимдик ичип отурган ишкананын кызматкерлери иштен алынды
20.11.2023 | 11:52
Эки күндөн бери үйүнө барбаган күйөөсүн издеп келген аял менен анын кызы тарткан видеого түшүп калган “Бишкекасфальтсервис” ишканасынын кызматкерлери иштен алынды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, видеодо үстөлдө ичимдик ичип отурган төрт кызматкер тең жумуштан бошотулду.
Белгилей кетсек, социалдык тармакта күйөөсүн издеп келип, чатак салган аялдын видеосу таркаган. Анда ал мамлекеттик мекеменин кызматкерлери жумуш учурунда ичимдик ичип жатканын белгилейт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом