Жалал-Абадда үч бала 8 күндөн бери дайынсыз болууда
Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында дайынсыз болуп жаткан 3 өспүрүм бала изделүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13 жаштагы Нурислам Мураталиев, Замирбек Мамбетов жана 11 жаштагы Нурмуханбет Мураталиев 12-ноябрь болжол менен саат 17:00дон бери дайынсыз. Акыркы жолу аларды көргөндө балдар үйүнүн жанында ойноп жүрүшкөн.
Учурда балдардын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аларды издешүүгө коомчулуктан жардам сурайт.
Нурислам Мураталиевдин белгилери: бою-1,35-1,40 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийими: үстүндө кара түстөгү куртка, көк түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда кара спорттук бут кийим.
Нурмуханбет Мураталиевдин белгилери: бою-1,25-1,30 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийими: үстүндө кочкул кызыл түстөгү толстовка, астында кара түстөгү спорттук шым, бутунда ак түстөгү бут кийим болгон.
Замирбек Мамбетовдун белгилери: бою-1,45-1,50 см, чачы күрөң түстө, көзү кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийими: үстүндө кара түстөгү куртка, көгүш түстөгү толстовка, кара түстөгү спорттук шым, бутунда таманы ак, кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.
Милиция дайынсыз болуп жаткан балдар тууралуу маалыматы бар жарандарды 102, (03746) 5 12 00, 0704 92 76 66 же 0708 39 01 39 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз