Эки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттүКыргызстанга америкалык «Boeing» учактарын жеткирүү мүмкүнчүлүгү каралуудаАКШ Борбор Азияга ким менен кызматташуу керектигин таңуулабайт — РубиоБоом капчыгайында таш түшүрүлүп, жол маал-маалы менен жарым-жартылай жабылат«Аферист жана кайырчы»: Жапаров Аблязовдун айыптоолоруна кескин жооп кайтарды
Видео: Бишкекте жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги орнотулду
20.11.2023 | 18:00
Бүгүн, 20-ноябрда Бишкекте Кыргызстандын баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, коомдук ишмер Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Эстеликтин ачылыш аземине мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, маданият ишмерлери, калемгердин замандаштары, шакирттери, жазуучунун үй-бүлөсү жана окурмандар катышты.
Эстеликтин автору: айкелчи Азамат Абдрахманов
Архитектор: Нурсейит Мамбетказиев;
Долбоордун жетекчиси: Жанышбек Жамурзаев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз