Бишкектеги эки Калкты тейлөө борборунда иш сааттары узартылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган министрлик жарандар үчүн кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында 20-ноябрдан 29-декабрга чейин пилоттук долбоорду ишке киргизди.
Анын алкагында Жибек-Жолу проспекти, 381 жана Нуркамал Жетишкаева көчөсү, 29 даректериндеги Калкты тейлөө борборлорунда иш убактысы саат 08:00дөн 20:00гө чейин узартылды.
«Документтерди кабыл алуу терезелеринин бир бөлүгү ишин улантат, адистер үчүн түшкү тамак нөөмөт тартибинде болот», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Калкты тейлөө борборлорунун иши жөнүндө кененирээк маалыматты 119 колл-борборунан (чалуу акысыз) алууга жана өз сунуштарыңызды калтырууга болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз