РОСКИНО менен “Кыргызтасмасы” киноборбору кызматташат

РОСКИНО менен “Кыргызтасмасы” киноборбору кызматташат

20-ноябрда Бишкекте РОСКИНО менен “Кыргызтасмасы” мамлекеттик киноборбору кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, кол коюу аземи 17-ноябрдан 21-ноябрга чейин өтүүчү биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында өттү. Тараптар Кыргызстан менен Россиянын киноиндустриясы тармагында кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле улуттук кино, кино өндүрүш, билим берүү жана башка тармактарды жайылтуу жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну макулдашты.

Меморандумга “Кыргызтасмасы” мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков жана РОСКИНОнун бизнес-процесстерин өнүктүрүү жана башкаруу боюнча башкы директорунун кеңешчиси Римма Сачунова кол коюшту. Тараптар ошондой эле рыноктун талабына ылайык кино өндүрүү жана контентти жайылтуу тармагын кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Буга чейин РОСКИНО Тажикстан, Иран жана Өзбекстан менен кызматташуу боюнча меморандумдарга кол койгон. РОСКИНО Кыргызстандын кинематографиясы менен бир нече жылдан бери кызматташып келе жатат. 2021-жылдан тарта Россия кинофестивалынын бренди менен республикада орус киносунун күндөрү уюштурулуп келет.

Кыргызстандын киноиндустриясынын өкүлдөрү РОСКИНОнун башка долбоорлорунун катышуучулары болушту: 2023-жылы Кыргызстандын продюсерлери тасмаларды жайгаштыруу боюнча турлардын алкагында Калининград облусуна жана Санкт-Петербургга барышкан.

Ошондой эле, «Кыргызтасмасы» мамлекеттик кино борборунун директору Талантбек Төлөбеков РОСКИНО академиясынын билим берүү программасына катышып, россиялык кесиптештери менен тажрыйбасы менен бөлүшүп, Кыргыз Республикасы менен кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>