Кыргызстанда аквакультураны өнүктүрүү борбору түзүлөтВенада Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн тышкы саясий кызматташтыгы талкууландыБишкекте мас айдоочу эки жол кырсыкка себеп болдуИсламабадда Садыр Жапаров менен Пакистандын президенти жолугушту5-декабрь: Тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөтӨкмөт көмүрдү унаа менен сыртка ташып чыгууга алты айга тыюу салды
Баткенде депутаттын атасы баш болгон бир нече жаран кылмыштуу жолдон баш тартты
26.11.2023 | 11:49
Улуттук коопсуздук кызматы криминалдык чөйрөгө тиешеси бар Баткен облусунун тургундарынын кылмыштуу жолдон баш тартканы боюнча видеосун жарыялады.
Анда «Хасан ата жана прокурор» каймана ысымдуу Ильяскожо Ажибаев дагы уруулук макамдарынан баш тартарын айтат.
Белгилей кетсек, Ильяскожо Ажибаевдын уулу Чыңгыз Ажибаев Жогорку Кеңештин депутаты. Ал буга чейин Аскердик прокуратурада иштеген.
Андан тышкары, кримтөбөл Кадырбек Досоновдун тобуна кирген “Равшан тентек” каймана аттуу Равшанбек Абдырахманов, «Голова» деген каймана Асланбек Рахманкулов, «Илюха» деп аталган Ильяз Саидбаев дагы мындан ары кылмыштуу дүйнөдөн алыс болорун айтышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом