Корей депутаты Кыргызстанды Борбор Азия рыногуна чыгуудагы маанилүү өнөктөш катары атадыКыргызстанда соттолгондорго кайрадан ырайым берүүгө уруксат берүү каралууда — жаңы эрежелерБишкекте Ак илбирс күнүнө карата интерактивдүү AR-квест өтөтФранция жалында: социалдык нааразылыктар кантип массалык башаламандыкка айландыАдылбек Касымалиев социалдык коргоо жана кесиптик бирликтер кызматкерлерин куттуктадыМамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салды
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Бишкектеги үйлөрү эмки жылы бүтөт
26.11.2023 | 16:19
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын Бишкекте курулуп жаткан үйлөрү 2024-жылдын сентябрь айында бүтөт. Бул тууралуу бүгүн Садыр Жапаровдун курулуштун жүрүшү менен танышуу учурунда айтылды.
Көп кабаттуу үйлөрдүн он бири толук бүткөрүлүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга берилет. Ар бири 18 кабаттуу, анда жалпы 986 батир бар.
Курулуш жүрүп жаткан аймакта 39 көп кабаттуу үй курулат жана мамлекеттик ипотека программасы аркылуу жеңилдетилген шартта жарандарга берилет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом