Бишкекте жол талашкан автобустар сүзүшүп, узун тыгын жаратышканОш мэринин биринчи орун басары дайындалдыПрезидент ИИМ менен УКМКнын жетекчилерине жогорку аскердик наамдарды ыйгарды7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат
Туура эмес жерге токтотулган унаалар эвакуацияланууда. Ага канча сом айып салынат?
30.11.2023 | 09:29
Бишкек шаарында эки күндөн бери рейд жүрүп, туура эмес жерге токтотулган транспорттук каражаттар көчөлөрдөн алынууда. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Токтогул көчөсү менен Жаш Гвардия бульвары жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Киев, Абдрахманов көчөлөрүндө жана шаардын башка негизги жолдорунда текшерүү жүрүүдө.
Унаасын алып кеткен жарандар жалпысынан 2350 сом төлөшөт:
- Эвакуатордун кызматы – 1250 сом;
- унаа токтотуучу жайдын кызматын – 100 сом;
- Административдик айыппул – 1000 сом.
Мэрия мындай рейддерди байма-бай жүргүзүп турмакчы. Андыктан унааларды атайын токтоочу жайга гана калтырууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом