«Жетекчи үчүн кресло». Ак-Суунун Архитектура башкармалыгы 4 кресло сатып алат

«Жетекчи үчүн кресло». Ак-Суунун Архитектура башкармалыгы 4 кресло сатып алат

Мамлекеттик курулуш агенттигинин Ысык-Көлдөгү Ак-Суу райондук Шаар куруу жана архитектура башкармалыгы 4 кресло сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендердик жарыяда айтылгандай, аталган башкармалык «жетекчи үчүн кресло» деп аталган отургучтарды сатып алууну пландап жатат. Ал үчүн 59 миң сом каралган. Ошондо ар бир кресло 14 миң 750 сомдон айланып калат. Отургучтардын үчөө экокожа менен капталган («жетекчи үчүн кресло»), бирөө тордуу болушу (кеңсе креслосу) керек.

Тендер боюнча арыздар 4-декабрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>