7-класстар үчүн «Табигый илимдер» окуу китеби басылып чыктыӨзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алышты
Кыргызстандык мугалим эл аралык олимпиаданын жеңүүчүсү болду
04.12.2023 | 19:10
Нарын районунун Өрнөк айылындагы Жакып Өмүралиев атындагы орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими Анаргүл Жолдубаева орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиадада «Жогорку усулдук сабаттуулук» номинациясы боюнча жеңүүчү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сыйлыкты Иммануил Кант атындагы Балтика федералдык университетинин ректору Александр Федоров тапшырды.
Белгилей кетсек, орус тили боюнча I Эл аралык педагогикалык олимпиада 2023-жылдын 20-30-ноябрында Калининград шаарындагы Балтика федералдык университетинде өткөн.
Тандоо этабына 28 өлкөдөн 150гө жакын адам катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча 11 адам жеңүүчү, 12 адам вице-жеңүүчү деп аталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар