8-декабрь: Өлкө боюнча жаан жана кар жаайтЗергерчилик, тигүү тармагы жана чакан бизнеске колдоо көрсөтүү боюнча жарлыкка кол коюлдуБишкекте 3 күн бою изделип жаткан окуучу кыз табылдыБШК №29 округ боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти7-декабрга карата аба ырайыАк-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалды
Газа секторунан дагы эки кыргыз жараны эвакуацияланды
05.12.2023 | 17:50
Палестинанын Газа секторунан дагы эки кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.
Маалыматка караганда, кыргызстандыктар өздөрү согуш болуп жаткан аймактан чыгып кетүү ниетин билдиришкен. Алар Россиянын жардам менен 4-декабрь күнү Каир-Москва каттамында учуп кетишти.
27-ноябрь күнү эки кыргыз жараны Газадан чыгарылган.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркия жана Израилдеги элчи Руслан Казакбаев 90дон ашуун кыргыз жараны элчилик менен байланышта экенин, анын ичинен 20дан ашыгы өлкөдөн чыгып кетүүнү пландап жатканын айткан.
Ал эми Палестинада, айрыкча Газада канча кыргызстандык бар экени айтыла элек.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом