Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Палестинадагы кыргыз жарандары Газадан чыгарылды
27.11.2023 | 09:49
Газа секторундагы эки кыргыз жараны Москвага жеткирилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, алар Египет аркылуу Палестинадан чыгарылып, “Каир – Москва” каттамы менен учуп кетишкен.
Кыргыз жарандарын алып чыгууга Россиянын өкмөтү жардам бергени айтылат.
Тышкы иштер министрлиги Газадагы кыргыз жарандарын алып чыгып кетүүнү улантмакчы. Бул согуш болуп жаткан аймакта канча кыргызстандык бар экени маалымдалбайт.
Белгилей кетсек, буга чейин Түркия жана Израилдеги элчи Руслан Казакбаев 90дон ашуун кыргыз жараны элчилик менен байланышта экенин, анын ичинен 20дан ашыгы өлкөдөн чыгып кетүүнү пландап жатканын айткан.
Жапаров “Жакынкы Чыгыштагы баскынчылыкка” каршы биригүүгө чакырды
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом