Кыргызстанда дарыгерлердин маянасы канчага көтөрүлдү?

Кыргызстанда дарыгерлердин маянасы канчага көтөрүлдү?

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстандагы медицина кызматкерлеринин маянасы боюнча маалыматты жарыялады.

Ведомстводон билдиришкендей, акыркы жылдары медицина кызматкерлеринин эмгек акысы эки эсеге жогорулаган.

Маалым болгондой, 2021-2022-жылга чейин 2011-жылы гана көбөйтүлгөн.

«2021-жылдын 1-апрелинен баштап медицина кызматкерлеринин эмгек акысы 50%га, үй-бүлөлүк дарыгерлердин жана жалпы практикалык дарыгерлердин эмгек акысы 100%га көтөрүлдү», — деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 1-апрелинен тарта саламаттыкты сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акысы дагы орто эсеп менен 50%га жогорулады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги бардык үстөк акылар жана кошумча төлөмдөр сакталып калганын (айыл жери, бийик тоолуу аймактар, илимий даражалар, эмгек стажы, категориялар ж.б.) жана кызматтык маянага кошулуп жатканын белгиледи.

2023-жылдын алты айынын жыйынтыгы боюнча дарыгерлердин орточо эмгек акысы төмөнкүдөй:

— административдик-башкаруучу персонал — 20 миң 413 сом;

— дарыгерлерге – 24 миң 14 сом;

— медайымдык кызматкерлерге – 19 миң 502 сом;

— кенже медициналык кызматкерлерге — 13 миң 938 сом;

— башка персонал — 14 миң 249 сом.

Ошол эле маалда Саламаттыкты сактоо министрлиги белгилегендей, ординаторлордун маянасы жаш дарыгердикиндей эле үстөксүз жана кошумча төлөмсүз эсептелет.

Саламаттыкты сактоо системасында иштеген стажы үчүн кошумча төлөм (кызматтык кенже персоналын кошпогондо) төмөнкүдөй болуп саналат:

— 5 жылдан 10 жылга чейин — 10%;

— 10 жылдын 15 жылга чейин — 20%;

— 15 жылдан жогору — 30%.

Квалификациялык категория үчүн үстөк сакталып калат жана кызматтык маянадан төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:

— жогорку квалификациялык категория – 50%;

— I квалификациялык категория – 30%;

— II квалификациялык категория – 10%.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>