Израилдеги 90 кыргыз жараны элчилик менен байланышта

Израилдеги 90 кыргыз жараны элчилик менен байланышта

Израилде жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркия жана Израилдеги элчиси Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, 90 ашуун кыргыз жараны элчилик менен байланышта. Алардын ичинен 20дан ашыгы  Израилдин аймагынан чыгып кетүүнү пландап жатат.

Элчиликте күнү-түнү  иштеген «ишеним телефону» ачылып, согуш аракеттери жүрүп жаткан аймактагы жарандарга жардам берүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү.

Элчилик  Израилдеги мекендештерди коопсуз жайларда болууга жана өлкөнүн аскердик кагылышуу болуп жаткан чек ара аймактарына барбоону сунуштайт.

Ишеним телефондорунун номерлери (күнү-түнү):
+90 5456896800 (Элчиликтин номери),
+972 533214916 (Кыргыз Республикасынын Израилдеги Ардактуу консулу).

Эскерте кетсек, 7-октябрда Палестина менен Израилдин ортосунда кайра кагылышуу күчөдү. Акыркы маалыматтардан боюнча эки тараптан тең миңден ашык жарандар каза болушту. Израиль сектор Газаны курчоого алып, тыюу салынган химиялык куралды колдонгону кабарланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>