Ак-Сууда көп убакыт аялына зомбулук көрсөтүп жүргөн жаран кармалдыБишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстү
Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду
06.12.2023 | 09:38
Кыргызстандык Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунун чемпиону болду.
33 жаштагы мушкер Бахрейнде өткөн беттеште биринчи эле раундда UFC уюмунун мурунку мушкери бразилиялык Лукас Мартинсти техникалык нокаут менен жеңип алды.
Кубанычбек Абдисалам уулу Brave CF уюмунда 7 мушташ өткөрдү.
BRAVE CF — дүйнөдөгү беделдүү промоушендердин бири. Анда 80ден ашык өлкөнүн мушкерлери күч сынашат. Абдисалам уулу жеңил салмактагы чемпион (70,3 кг чейин).
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом