Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жапаров 55 жашка толду. Президент туулган күнүн кантип белгилейт?
06.12.2023 | 09:56
Бүгүн Садыр Жапаровдун туулган күнү. Ал 55 жашка толду.
Өлкө башчысынын пресс-катчысы Аскат Алагөзовдун Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, президент туулган күнүн иш үстүндө өткөрөт.
“Бүгүн кадимки эле жумуш күнү. Садыр Нургожоевич туулган күн тосууну көп жактыра бербейт”, – дейт ал.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусунун Кең-Суу айылында төрөлгөн.
Аны биринчилерден болуп туулган күнү менен Владимир Путин жана Шавкат Мирзиеев куттуктады.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат