Садыр Жапаров Орусиянын аймактарына өнөр жай жана IT тармагындагы долбоорлорду сунуштадыӨзбекстан Борбордук Азиянын туристтик рыногунда сап башына чыкты — изилдөөТокмокто аялын жана балдарын сабоого шектелген жаран эки айга камалдыМинистрлик жарандарды жана туристтерди «Таш-Рабат» комплексине барбай турууга чакырдыМихаил Мишустин ЕӨАК жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келдиУлуттук банк айрым банктар накталай орус рублун албай жаткан жагдай боюнча түшүндүрмө берди
Талас облусунда бир дагы тергөө абагы жок
06.12.2023 | 09:05
Талас облусунда бир дагы тергөө абагы жок. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.
Маалыматка караганда, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Талас областындагы убактылуу кармоочу жайдын шарты менен таанышып чыкты. 32 адамга ылайыкташкан жайда соттун чечимин күтүп жаткан айыпталуучулар дагы кармалат. Анткени, облуста тергөө абагы жок.
Акыйкатчы Министрлер кабинетин Талас областына камалгандардын кармоо шарттары эл аралык стандарттарга жана улуттук мыйзамдарга ылайык келе турган тергөө абагынын курулушун карап көрүүгө чакырат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом