Тургунбек уулу менен Сулаймановдун ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖылмаюу жана бий: №33 автобустун «Жапайы айдоочусу» бишкектиктерге жагымдуу маанай тартуулайтБишкекте 8 өспүрүм дайынсыз жоголууда. Алардын алтоо балдар борборунун тарбиялануучуларыСтудент алмашуу, биргелешкен изилдөө жүргүзүү: Кыргызстан менен Кореянын ЖОЖдору кызматташатТаластагы күрөөкана мыйзамсыз тартып алынган мүлктөрдү ээлерине кайтардыБишкекте автобуста телефон уурдоого шектелген жаран кармалды
Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө 1,2 миң тонна ун таратылат
06.12.2023 | 21:23
Кыргызстанда 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1215 тонна ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы таратылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, юул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен министрлик тарабынан ишке ашырылууда.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет.
2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча айыл өкмөттөрүндө мындай 444 долбоор ишке ашырылган. Аларга 10839 аз камсыз болгон үй-бүлө же 56919 адам катышып, аларга 3037 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар