«Каркыра» эс алуу жайынын курулушу башталды. Ага 191 млн $ жумшалат

«Каркыра» эс алуу жайынын курулушу башталды. Ага 191 млн $ жумшалат

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ысык-Көл облусундагы “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштап берди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мезгил кутусун салуу аземинин алдында инвесторлор долбоордун концепциясына ылайык, жыл бою иштей турган комплекс эл аралык деңгээлге жооп бере тургандай курулуп, ал эс алуу зонасы макамына ээ болоорун атып беришти.

Долбоордун инвестициялык бюджети 191 млн АКШ доллары өлчөмүндө жана алты этап менен курууга эсептелинген.

Иш-чарага келгендердин алдында сөз сүйлөп жатып, мамлекет башчысы төрт мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” жаңы, заманбап тоо-эс алуу комплексинин курулушун баштоонун дагы бир жакшынакай саамалыгына бүгүн Кыргызстан эли күбө болуп отурганын белгиледи.

“Кыргызстандын, айрыкча, Ысык-Көл өрөөнүнүн жайы эле эмес, кышы да өзгөчө керемет. Бир эле “Каракол” лыжа базасын ала турган болсок, КМШ өлкөлөрүндөгү кышкы эс алуу жайларынын ичинде алдыңкы орундарды ээлеп келаткандыгы, чет өлкөлөрдөн келген туристтердин бул лыжа базасына, дегеле, Ысык-Көлдүн кышкы жаратылышына суктанган пикирлеринин арбындыгы буга далил деп ойлойм. Мындан сырткары, ар жыл сайын “Каракол” лыжа базасына ички жана тышкы туристтердин келишине, узакка кезек күтүүлөрүнө баарыбыз эле күбө болуп жүрөбүз. Мындай шартта бүгүнкү “мезгил кутусу” салынып, пайдубалын түптөлүп жаткан жана төрт мезгил бою туруктуу иштей турган “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу мезгилдин талабы, туристтердин күткөн тилеги десем жаңылышпаймын”, — деди президент.

Садыр Жапаров белгилеп өткөндөй, бардык жерде, бардык тармакта атаандаштык болмоюнча өнүгүү болбойт, бул “Каркыра” тоо-эс алуу комплексинин курулушу менен кыргыз бермети – Ысык-Көлдүн башындагы Каркыра өрөөнүнүн көркү ачылат.

“Чыгышынан Каркыра, батышынан Түп суусунун ороп агып, Тескей Ала-Тоо кырка тоосундагы Чымынды-Сай аймагына салына турган бул комплекске авто унаа менен жетүүгө да абдан ыңгайлуу шарт түзүлөт. Мындай комплекс куруу ниетибизди ишке ашыруу менен жаратылыш ресурстарыбызды элибиздин жана мамлекетибиздин кызыкчылыгына туура пайдаланууга багыт алабыз деп ишенем”, — деди ал.

Президент «Каркыра» тоо-эс алуу комплексин куруу мамлекетибиз үчүн маанилүү долбоор, аймактагы туризмди жана экономиканы өнүктүрүү стратегиябыздын маанилүү бөлүгү болуп саналарын өзгөчө белгиледи.

Андан соң мамлекет башчысы «Каркыра» тоо-эс алуу комплексинин долбоору россиялык инвесторлордун колдоосу менен ишке ашырылып жатканына кыскача токтолду. Долбоордун ишке ашырылышы — эки өлкө ортосундагы экономикалык жана маданий байланыштардын чыңдалышына да чоң өбөлгө болуп бермекчи.

Садыр Жапаров колдоо көрсөткөн тараптарга ыраазычылык билдирди.

Президент “Каркыра” тоо-эс алуу комлекси өлкөбүздүн мыйзамдары менен жаратылыш коргоо жаатындагы ченемдерине, эл аралык экологиялык стандарттарга ылайык долбоорлонуп, салынмакчы. Комплексти курууда инновациялык экологиялык курулуш материалдары колдонулат.

Садыр Жапаров өз сөзүндө учурда Ысык-Көлдө туристтик кластерди түзүү боюнча долбоордун үстүндө иш жүрүп жатканына көңүл бурду.

“Спортчулар жана активдүү эс алуучулар үчүн борбор боло турган спорттук көп функционалдуу комплекс түзүүнү пландаштыруудабыз. Бул өлкөбүздө спорттун жана туризмдин өнүгүү тарыхындагы жаңы баракча болот”, — деп, мамлекет башчысы мындай иш-аракеттер менен жергиликтүү калктын жашоо сапаты жогорулай турганын билдирди.

Сөзүнүн соңунда президент Садыр Жапаров таштаган кадамдар менен баш койгон ой-тилек, аруу максаттардын ишке ашуусун каалап өттү. Өнүгүүгө багыт болуп бере турган долбоорлорубуз арбый берсин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>