Садыр Жапаров Маданият жана искусство университетинин жаңы корпусун ачтыКыз ак калпакты өрттөп, тойлордо белек берүү салтынан баш тартууга чакырдыБишкекте СТО жайгашкан имараттагы өрттөн бир адам каза болдуСом түштүк корея вонуна карата бекемделип, британ фунтуна карата алсырадыПРООН киберкылмыштуулук менен күрөшүүчү адистерди даярдоого жардам беретЖети-Өгүз районунда жетим балага үй куруу үчүн жер тилкеси берилди
Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөргө 1,2 миң тонна ун таратылат
06.12.2023 | 21:23
Кыргызстанда 2024-жылы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 1215 тонна ун жана 112,9 тонна өсүмдүк майы таратылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен маалымдашты.
Маалыматка караганда, юул долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен министрлик тарабынан ишке ашырылууда.
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө инфраструктура, окутуу жана киреше алып келүүчү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн витаминдер менен байытылган ун жана өсүмдүк майы берилет.
2023-жылдын 1-декабрына карата республика боюнча айыл өкмөттөрүндө мындай 444 долбоор ишке ашырылган. Аларга 10839 аз камсыз болгон үй-бүлө же 56919 адам катышып, аларга 3037 тоннадан ашык азык-түлүк (ун жана өсүмдүк майы) берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар