Кыргызстанда жетилген жарандык сектор бар деп айтууга эрте — саясат таануучуКыргызстандын каржы сектору 2025-жылы 44,6 млрд сом таптыЖК төрагасы Москвада ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын кеңешинин жыйынына катыштыУулдарым, бизди жеңиш менен күткүлө»Ала-Тоо аянтында Бишкектин 148 жылдыгы белгиленетКөп векторлуулук Кыргызстанды Иран боюнча тандоо жасоодон куткарбайт — Алина Молдокеева
Мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору кабыл алынды
20.12.2023 | 10:18
Жогорку Кеңеш мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды. Аны 59 депутат колдоп, бешөө гана каршы добуш берди.
“Бул өзгөрүү эмес, оңдоо. Мамлекеттик тууну оңдогон парламент катары легендарлуу чакырылыш болуп калышыңыздар ыктымал”, – деди төрага Нурлан Шакиев.
Долбоордун авторлору — Нурланбек Шакиев менен Улан Примов, бирок президент Садыр Жапаров Элдик курултайда депутаттарга желекти өзгөртүү тапшырмасын бергенин ачыктады.
Туунун авторлору өзгөрбөйт. Төрага Нурланбек Шакиевдин айтымында, 150дөй мекеме үчүн жаңы туу жасалат. Аны президент өз чөнтөгүнөн төлөмөкчү.
Азыркы желекти өзгөртүүсүз калтыруу боюнча change.org сайтына жарыяланган кол топтоону 6 миңден ашык адам колдоду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом